17-ноябрь 2020/informator.kg- UFC уюму өзүнүн YouTube-каналына кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Женнифер Майянын беттешине карата презентациялык видеосун жарыялады. Анда беттеше тургандардын даярдыгы, алардын буга чейинки мелдештериндеги мыкты нокаут, соккулары көрсөтүлгөн. Роликтеги маалыматтарга ылайык, Шевченконун машыгуулары Лас-Вегас шаарында өтүүдө. “Кандай гана беттеш болбосун менин максатым — жеңиш”, — деген Шевченко. Лас-Вегаста 21-ноябрда өтө турчу UFC 255 турниринде кыргызстандык чемпион эң жеңил салмактагы титулун төртүнчү жолу коргойт. Бул ирет бразилиялык Женнифер Майя менен беттешмекчи.