21-ноябрь 2020/informator.kg- Акыркы бир суткада өлкө боюнча дагы 447 жарандан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Мындай статистикалык маалымат менен республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек шаары – 200;
Ош шаары – 16;
Чүй облусу – 86;
Ош облусу – 25;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 49;
Жалал-Абад облусу – 29;
Баткен облусу – 17.

Өлкөдө илдет катталгандан бери жалпы 69 миң 149 жаран жабыркады.