18-август 2020/informator.kg-

Студенттердин нааразылыгы күчөгөндүктөн Өзбекстандын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги менен Каржы министрлиги окуу баасын 10 пайызга арзандатты.Мындан тышкары окуу жайлар жетим жана майып студенттерге жана социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына даректүү жардам көрсөтүп турмай болушту.Расмий маалыматтарга караганда, жардамдын көлөмү 4 миллион сумду (400 доллардын тегегери) түзөт.Быйыл июль айынын аягында өзбек бийлиги келишимдик негизде акы төлөп окуган студенттер үчүн 2020-2021-жылдары окуу баасы өзгөрбөй турганын жарыялагандан кийин студенттердин нааразылыгы күчөгөн.