Бишкек. 7.07. 21. Informator.kg  Кыргыз өкмөтү сырткы карыздан кутулуу үчүн калктан жардам сурап, атайын каржы министрлигине эсеп ачкан болчу. Эсепке 1 млн. 29 миң сом акча түшкөнүн, анын 1 млн. 22 миң сому жарандардан, 27 миң сому ишканалардан келип түшкөнүн министрликтен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, өткөн жылдын акыркы күнү же 31-декабрда 1 млн. сомду Адылбек Асанов аттуу жаран которгон. Интернеттеги ачык булактарда ал “Артвин” жана “Нурзаман” курулуш компанияларынын жетекичи, ишкер-меценат катары сыпатталат.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 180 млн. долларга жеткен.