25-август 2020/informator.kg-

Жума күнү президент Режеп Тайып Эрдоган элине кайрылып, Түркиянын тарыхында биринчи жолу 320 миллиард метр куб газ резервин өндүрөрүн кабарлады.«Биздин «Фатих» бургулоочу кемебиз 2020-жылдын 20-июлунда баштаган «Туна-1» кудугунда бургулоо менен 320 метр куб газ корун тапты. Бул операцияны мамлекеттик мүмкүнчүлүктөр менен гана ишке ашырдык. Кудуктан алынган көрсөткүчтөр, ошол эле аймакта жаңы табигый газ корун табуу ыктымал экенин белгилеп жатат. 2023-жылы Кара деңиз газын элибизге пайдаланууга берүүнү максат кылабыз», – деди Эрдоган.Өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын канааттандырыш үчүн импортко толук көз каранды болгон Түркия Кара деңизде жана Жер Ортолук деңизинде чалгындоо иштерин тынымсыз жүргүзүүгө мажбур. Буга чейин Түркиянын бул деңиз бассейндериндеги ондогон чалгындоо иштерине Грекия менен Түндүк Кипр нааразы болгон.