Бишкек. 17.03. 21. Жакынкы аралыкта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы авиак каттамдар боюнча рейстердин саны көбөйөт. Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аба майданынан кабарлашты.

“Учурда аба майдандын жетекчилиги аба каттамдардын көбөйгөнү жүргүнчүлөр үчүн маанилүү экенин түшүнүп, эл аралык ири авиа компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мунун алкагында жакында эле “Манас” эл аралык аба майданында Turkish Airlines жана Turkish Cargo компанияларынын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушулар өттү. Сүйлөшүүүлөр учурунда Turkish Airlines Стамбул-Бишкек-Ош-Стамбул маршруту боюнча каттамдардын санын арбытып, Түркия менен Оштун ортосуна түз ккаттамдарды көбөйтө турган болду”,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге эле тараптар 2021-жылдын жай айларында Истамбул жана Анталия менен Бишкектин ортосундагы рейстердин санын да көбөйтө турган болушту.  Ошону менен бирге эле жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү  боюнча да стратегиялык келишимге кол коюлган.

Эске сала кетсек, бул жолугушуулар “Манас” Элл аралык аба майданы ААКсынын башчысы Бакыт Шаршеев менен Turkish Airlines компаниясынын гендиректору Белалом Экшинин видео сүйлөшүүсүнүн негизинде ишке ашкан.