27-ноябрь 2020/informator.kg- “Социал-демократтар” партиясынан парламенттик шайлоого аттанган Темирлан Султанбеков мэрияга жумушка орношкону боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Бүгүн мен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев менен жолугуп, шаардын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкууладык. Биз элдин жыргалчылыгы үчүн ар кандай жардамды берүүгө мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче даярбыз. Журналисттер “Мэрияга жумушка орноштуңузбу?” деп чалып жатышат. Менин жообум жок. Мага чоң кызматтарды сунушташкан, бирок мен баш тарткам. Парламенттик шайлоого даярданып жатам, бирок элдин жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштегендердин баарына жардам берүүгө даярмын”, – деп жазды ал. Буга чейин Темирлан Султанбеков Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевге кеңешчи болгону айтылган.