5-сентябрь 2020/informator.kg-

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда жыл башынан бери 13 миң орто жана чакан ишкана жумушун токтоткон. Буга салыктардын өтө жогору болушу башкы себеп болууда. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча былтыр бизнес жүргүзүү жеңилдиги боюнча Тажикстан 190 өлкөнүн ичинен 183-орунга жайгашкан. Бул абалды коронавирус да курчутуп жиберди.