22-сентябрь 2020/iinformator.kg-

Талас облусунда 12 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылындагы каналга 12 жаштагы У. уулу И. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерине 7 куткаруучу тартылып, баланын сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.