15-сентябрь 2020/informator.kg- Таласта аюуну мамалагы менен кошо атып, этин жана терисин алып бара жаткан жаран кармалганы маалымдалган. Бул окуя боюнча  Айлана-чөйрөнү коргоо токой чарбасы агенттигинин алдындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директору Алмаз Мусаев төмөнкү маалыматтарды берди.

“Кыргыз өлкөсүндө Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын бири аюу. Алардын жалпы саны 300-400төн ашуун. Өлкө аймагында аюулардын бир эле түрү байыр алган. Алар Тянь-Шань күрөң аюулары. Бул аюулар көбүнчө токойлуу аймактарга ыңгайлашкандыктан Талас жана Жалал-Абад аймактарында көбүрөөк кездешет. Аюулар көбүнчө тоо өсүмдүктөрү болгон бүлдүркөн жана башка чөптөрдү, ошондой эле эт менен азыктанышат. Аюу жана башка Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды коргоо чаралары боюнча 23 аймак ачылган. Бул аймактардын дээрлик бардыгында аюу байыр алган. Алар жапайы жырткыч болгондуктан акыркы убактарда жашоочуларга кол салууда деген кайрылуулар түшүп жатат. Короолорундагы малдарга, бал челектерге кол салгандыгы айтылган. Алардын кол салуусу токойдо ач калгандыктан эмес, аюулардын көбөйгөнүнөн. Биз жашоочуларга карата залал келтиргендиги үчүн компенсация төлөп берели деген программаны баштаганы жатабыз. Бирок аюуларды атканга тыюу салынган. Эгер мыйзамды бузгандар болсо, аларга 1 миллион сом өлчөмүндө айып салынат жана кылмыш иши козголот. Андай адамдар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”, – деди Мусаев. Ал эми Талас облустук биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин жетектөөчү адиси Айнура Алиева кармалган У.К. аттуу тургун аюуну жана мамалагын өзү аткандыгын айтып бергенине токтолду. булак: Супер инфо