11-октябрь 2020/informator.kg- Бүгүн Тажикстанда президенттик шайлоо башталып, өлкөдө 3 414 добуш берүү участогу ачылды. Бул шайлоо көз карандысыз Тажикстандын тарыхындагы алтынчы президенттик шайлоо болуп саналат. Тажикстанда президенттике беш талапкер ат салышууда. Алар: Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, Жаштар биримдиги жана Элдик-демократиялык партиясынын атынан учурдагы президент Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын атынан Рустам Латифзода, Социалдык партиянын атынан Абдухалим Гаффорзода, Экономикалык реформалар партиясынын атынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиянын талапкери Миродж Абдуллоев. Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ, КМШ жана ШКУ уюмдарынан келген эл аралык байкоочулар көз салып турат. Бул жолку шайлоону Тажистандын Борбордук шайлоо комсиссиясы убактысынан бир ай мурда белгилеген. Анда дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жүргөн тажикстандыктар дагы добуш бере алат.