25-сентябрь 2020/informator/kg-

УЕФАнын суперкубогу үчүн “Бавария” менен “Севилья” командалары оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат. “Пушкаш Арена” стадионунда өткөн оюнда “Бавария” клубу атаандашын 2:1 эсебинде жеңип алды. Оюн башталганда эле “Севильянын” оюнчусу Лукас Окампос гол киргизди. Ал эми беттештин 34-мүнөтүндө германиялык клубдун футболчусу Леон Горецка гол жаратканга жетишти. Оюндун кошулуп берилген убактысында, 104-мүнөтүндө “Бавариянын” оюнчусу Хавьер Мартинес өзүнүн командасына жеңиш алып келген голду киргизди. Эсеп 2:1 Белгилей кетсек, “Бавария” клубу өзүнүн тарыхында экинчи ирет УЕФАнын суперкубогун жеңди.