Бишкек. 17.12. 20. Informator.kg  Социалдык түйүндөр аркылуу аймактар аралык жана улуттар аралык чыр-чатактарды чыгарууга багытталган ар кандай чагымчыл маалыматтар тарап жаткандыктан, Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети атайын билдирүү таратты.

Анда жогорудагыдай өңүттөгү маалыматтар коомдук-саясий абалды чыңалтып, ар кандай чыр-чатактарга алып келүү мүмкүнчүлүгүн пайда кылып жатканын, УКМК мындай чагымчыл маалыматтарды тараткандар боюнча оперативдүү-иликтөө иштерин баштаганы баяндалат.

“УКМК улуттар аралык же аймактар аралык жаңжалдарды козутууга аракет жасаган маалыматтарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Эгер Сиз чагымчыл кабарларды тараткандар тууралуу маалыматтарды билсеңиз же күбө болгон болсоңуз, УКМКнын күзөт кызматына (0312) 66-04-75же болбосо (0312) 66-00-20 номерлүү ишеним телефонуна кабарлап коюңуз. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет”,-деп айтылат маалыматта.