Бишкек. 24. 12.20 informator.kg Коррупцияга шектелген Райымбек Матраимовдун мамлекетке берген 9 батири УКМКнын кызматкерлерине берилет. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берди. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 млн. сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин кирешесине өткөрүлдү.

 «УКМК өтө кыска аралыкта бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, Матраимовдун күнөөсүнө байланыштуу маанилүү жана четке кагылгыс далилдерди алуу боюнча абдан чоң иш жасады. Далилдер Матраимовдун күнөөсүн моюнга алышына, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшүүсүнө жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзү ачылуусуна себеп болду. Соода борборун биз мамлекетке өткөрүп берели деп жатабыз, мамлекет кирешесин ала берет. Ал эми тогуз батирди УКМКнын кызматкерлерине калтырып жатабыз. Ал батирлердин биринин аянты чоң, болжол менен 250-280 чарчы метр. Албетте, андай батирге биздин кызматкерлер жашай албайт. Биз аны Балдар үйүнө же башка бир социалдык мекемеге өткөрүп берели деп жатабыз»,-деди ал.

Эске сала кетсек, Р. Матраимов 2 млрд. сом айып пул төлөп берем деп камактан бошотулган болчу.