Радио жыштыкты мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш ишинде аты аталып, андан улам кыска мөөнөткө эс алууга кеткен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кайра ордуна келбей калабы?
Себеби, саясий чөйрөдө бүгүн 2020-жылдын октябрь айында өтүүчү парламенттик шайлоого чейин Өкмөт башчылыкка Узарбек Жылкыбаев дайындалаары тууралуу кеп кетти.
Ал Ош облустук мамлекеттик администрация башчылыгынан бүгүн эртең алынса таң калбайлы. Акүй ардактап турса башбакандык кеппи, кыска мөөнөткө кычырап отура турат да…