18-ноябрь 2020/informator.kg-Тоолуу Карабах окуясы боюнча азыркы учурдагы эң чоң жетишкендик – кан төгүүнү токтотуу. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Россия 24” телеканалына берген маегинде билдирди. “Эң негизги жетишкендик – кан төгүүнү токтотконубуз болду. Анткени бул кино эмес, миңдеген адамдардын, үй-бүлөлөрдүн тагдыры. Бул трагедия”, — деди Путин. Анын айтымында, Азербайжан президенти Ильхам Алиев октябрь айында Шуша шаарына качкындарды кайтарып келгенде эле ок чыгарууну токтотууга даяр экенин билдирген. Бирок Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян бул сунушту четке каккан.