Бишкек. 6.01.21  informator.kg  Кечээ, 5-январда Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй районуна иш сапары менен барып, социалдык көйгөйлөр менен таанышып кайтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашат.

Анда министр Чүй райондук жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылык Борборунда болуп, 19 ар түрдүү ийримдер боюнча 700дөн ашуун балдарды тарбиялап жаткан жайдын көйгөйлөрү менен таанышты.

Ошону менен катар эле ал Токмоктогу ээнсиреп турган агроөнөржай колледжине барып, окуу жайдын жатаканасынын бир имаратын интернатта окугандар үчүн жатакана кылууга жана бир имаратты балдардын окуу борбору катары иштетүү боюнча иш-мерчемдерди колдоого алаарын билдирген.

«Биз үчүн эң башкысы мындай имараттар ээн турбай, келечек үчүн жакшы багытта иштеши керек. Бул балким медицина же билим берүү тармагынла иштеген кызматкерлер үчүн үй, социалдык кызматкерлерге же болбосо балдар үйү, болбосо институт же окуу борбору катары. Бул суроолордун үстүндө иштешибиз зарыл”,-деген Э. Сурабалдиева.

“Андан ары вице-премьер “Затейник” аталышындагы болбар борборуна барып, турмуштук татаал шарттардан улам бул жерде тарбияланып жаткан бөбөктөрдөн кабар алып, андан соң Кант шаарында социалдык тармактагы тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы балдардын спорттук оюндар жана кышкы спорттун түрлөрү боюнча спорттук мектепте болуп кайтты”,-деп айтылат маалыматта.