25-сентябрь 2020/informator.kg- Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери “Таза Ысык-Көл” коомдук фонду менен биргеликте көлдүн түбүндөгү таштандыларды тазалашты. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тору-Айгыр жана Бостери айылынын көл жээгинен 1 тоннадан ашык таштанды жана ар кандай балык кармоочу тор, желим бөтөлкө алынган. Жалпы 5 тоннадан ашык таштанды чогултулган. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Ысык-Көлдү, ошондой эле Кыргызстандын жаратылыш парктарын жана коруктарын тазалоо боюнча кеңири масштабдагы экологиялык акция өткөрүлгөн.