18-ноябрь 2020/informator.kg- Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болуп, визалык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти. “Жакынкы аралыкта Кыргызстан ICAO PCD маалымат базасына кошулуп, Кыргызстандын жарандарына башка мамлекеттердин чек араларынан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Буга чейин Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспорт жок болгондуктан АКШ 2020-жылдын 31-январынан тарта кыргызстандыктарга иммиграциялык виза жана грин-карта берүүгө чектөө киргизген”, – деп билдирет УКМК. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын аягына чейин Германиянын “Muhlbauer ID Services GmbH” компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун бланктарынын (бир бланк 407 сом) биринчи партиясы алынып келет.