9-август 2020/informator.kg-

Баястан Абдимиталип уулу Ош облусуна караштуу Баш-Булак айылында туулуп өскөн. Ошол жакта мектепти аяктап, андан соң Бишкек шаарындагы КГУСТА университетине тапшырган. Буюрса кызыл диплом менен аяктап, магистратурага даярданып жаткан учуру . Ийгиликтери, жазган проекттери,студенттик күндөрү жөнүндө кенен айтып бермекчи .

Окуудан тышкары эмне менен алектенесиз?Кандай проекттерди жаздыңыз ушул күнгө чейин?
Өзүм мектепте окуп жүргөндө эле жаңы технологияларды ойлоп табууга кызыкчумун . Аракет кылып кыялымдагы нерсени жасаганга умтулаар элем. 10-класста “Биз 21-кылымдын интелектуалдарыбыз” деген эл аралык конкурска катышып, республикалык турда 1-орунга ээ болгом. Ал проектимдин негизги максаты Сулайман Тоого чыгууга женил болуу үчүн жол куруу эле .(Канатный дорога).Бирок, проектим ишке аша элек, кээ бир жерлерди кол менен өзгөртүүгө мыйзамда жол берилбейт экен . Бирок артка кайтпайбыз, дагы жакшысын жазганга аракет кылам. Андан кийин университетте окуп жүргөндө жазган 2 проектим патентге татыктуу деп табылды. Алардын бири магниттик гравитациялык кыймылдаткыч. Ал электр энергиясын алуунун альтернативдүү жолу. Ал эми экинчиси электр энергиясынын жардамы менен сууну төмөндөн жогоруга көтөрүү эле. Бул суу жетпеген,чөл жерлерге сууну чыгаруу үчүн жазылган .

Физикага, технология болгон кызыгууңуз качан жаралган, эмнеси менен жагат ушул багыт?
Атам да апам да мектепте математика мугалими болуп эмгектенишет. Бул да болсо бираз түрткү болду окшойт. 7-класста окуп жүргөндө биринчи жолу маторлуу кайык жасап көргөм. Атаман жардам сурасам, өзү кылсын, даярга көнбөсүн деп жардам бербей койгон. Аны мен кийин түшүндүм. Маторлуу кайык жасаганым үчүн мектептен мактоо барагын ыйгарышкан. Ошондо дагы чоң нерселерди жасап, райондук, республикалык конкурстарга катышам деп максат койгом. Өзүм аябай кызыгам жана технология аркылуу элдин жашоосун жеңилдетким келет. Азыркы убакта глобалдуу маселелерди жакшы жазылган проекттер менен чечсе болот деп ойлойм. Кайсы кесипти тандабагын, ал башкаларга пайдалуу болсо жана сен ошол иштин майын чыгара аткарсаң, баары оңолот деп ойлойм. Өлкөбүз күчтүү кадрларга муктаж. Баардык сферада замандын талабына жооп берген кесипкөй адистер жетишсиз .

КРнын Жаштар Парламентине кантип,качан катышып калдыңыз?

Мен жаштар парламентине 2019 жылы конкурстан өтүп мүчө болуп калдым.
Жаштар Парламенти мени жаңы нукка бурду десем жаңылышпайм. Себеби «коом кандай болсо өзүңда ошол тарапка өсөсүң » демекчи, ал жактан мыкты достор менен тааныштым. Жана дагы Жаштар Парламентинин негиздөөчүсү Назгүл Жолдошава мага көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө чоң жардам көрсөттү. Себеби Жаштар Пардаменти бул жөн гана проект эмес, бул бир чон «уй булө».

Азаматсыз!Студенттик жылдарыңыз кандай ийгиликтер менен коштолду .Ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

Рахмат! 1-курстан баштап эле бардык жактан активдүү болуп ,өзүмдү көрсөткөнгө аракет кылдым. Үчүнчү жана төртүнчү курста окуу жайымда “Мыкты студент”наамына татыктуу деп табылдым. Ал эми КРнын Жаштар Парламентинин 2019-жылкы депутаты катары, жазган проектерим үчүн Келечек премиясынын “Жаш окумуштуу” наамын алгам. Быйыл болсо карантин убагында конкурска баардык документтерди жиберип, “Лучший студент СНГ 2020” төш белгиси жана диплом менен сыйландым. Бул да болсо сыйлыктарымдын биринчилери болот деп үмүттөнөм. Ал эми эң чоң жетишкендигим президенттик стипендияны алганым болду. Мурун бала чакта андай студенттердин сүрөттөрүн көрүп суктанып , кыялданып койчу элем.Өзүм да президенттин колунан сыйлык алып, аябай кубандым. Көрсө кыялдар ,максаттар аракет кылсаң орундалат экен. Дайыма талыкпай эмгектенип, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адис болууга аракет жасайм .

Так илимдерге кызыккан студенттин кандай хоббилери бар,коомдук иштерге катышасызбы?Китеп окуганды жакшы көрөм. Кээде музыкалык аспаптарда ойноп калам,гитарага жакынмын. Колго сүрөт тартам. Азыр замандын талабына ылайык ошол эле сүрөттөрдү компьютерде тартам. Графикалык дизайнер болуп акча тапкан күндөрүм болот. Андан тышкары тилдерге аябай кызыгам. Тил билген адам көп жетишкендиктерге жетише алат деп ойлойм. Дүйнөнү ар тараптуу караганга үйрөтөт. Түрк,англис, немис тилдерин окуп жаткан учурум.