Бишкек. 05.01.2021. informator.kg Азиядагы эң бай адамдардын бири, “Alibaba” интернет дүкөндөр түйүнүн ээси Жэк Ма эки айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Азаттык” жазып, ал акыркы жолу ал Шанхайдагы ири экономикалык жыйынга катышып, анда Кытайдын базар мамилелерин жөндөөчү мекемесин курч сындап сөз сүйлөгөндөн кийин бийлик тарабынан кысым болгонун билдирет.

“Жэк Ма мырзанын 2020-жылдын октябрындагы сынынан соң Кытайдагы ишкердикке көзөмөлдөөчүлөр “Alibaba” компаниясына жана анын кол астындагы “Ant Group” каржылык компаниясына каршы антимонополиялык жактан тергөө ишин баштаган”,-деп билдирет маалымат булагы.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын ноябрында “Форбс” журналы Жэк Ма 35,8 млрд доллар байлыктын ээси экенин, ал дүйнөдөгү эң бай 18-киши экенин жазган.