Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  Жазында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна талапкерлердин ортосунда теледебаттар уюштурулат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жоопкерчилигин көтөрүү, алардын план-программалары менен калкты тааныштыруу максатында алгач ирээт шайлоого катышкан партиялардын лидерлеринин ортосунда теледебаттар өтмөкчү.

«Андыктан, даярдануу керек. Менимче, жергиликтүү кеңештерге катышкан партиялардын лидерлеринин ортосунда дебаттар өтөт. Азырынча дебаттардын формасын талкуулап жатабыз”,-дейт ал.

Ал белгилегендей, бул дебаттарда кайсы бир партия жана талапкерлер тууралуу негативдүү пикирлерди айтууга тыйуу салынат жана дебатка партиялык тизме менен эмес өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер да катыша алат.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан боюнча 448 жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлөт.