Бишкек. 12.01. 12 informator.kg Бүгүн Жогорку сотто  2021-жылдын 11-январында  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун   2021-жылдын 5-январындагы №  1, 2 жана 3 Жарлыктары менен менен жергиликтүү сот органдарына судья болуп шайлангандар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон кабьарлашты.

Анда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич,

— Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна:

Жарматова Айдай Жарматовна;

Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.

Свердлов райондук сотуна:

Абыкеев Таалайбек Капарович;

Байдаева Лейла Алиевна.

Ленин райондук сотуна:

Өмүралиев Мелис Асанбекович;

Тентимишов Марлен Бактыгулович.

Ысык-Көл облустук сотуна:

Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

Нарын облустук сотуна:

Алыбаев Замир Эрнисбекович дайындалып, ант беришти.

“Алардын антын алган Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова  жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка бек турууга  чакырды” деп айтылат маалыматта.