23-ноябрь 2020/informator.kg- Билимбек Алмаматов кыргызстандык спортчулар арасында бразилиялык жиу-житсу боюнча “Пан Америка 2020” чемпионатында 2 алтын медаль тагынган алгачкы спортчу болду. Алмаматов өзүнүн салмагында жана абсолюттук салмак ченинде мелдешке катышып, 2 алтын медаль утуп алды. “Пан Америка 2020” чемпионатында башка кыргызстандык спортчулар дагы күч сынашкан. Алардын арасында Тынчтык Мамасадыков коло медалга ээ болду.