25-сентябрь 2020/informator/kg-

2020-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 335,5 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 5,9% төмөндөдү. Бул көрсөткүч Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин арасында эң төмөнү болду. Экономика министрлигинин баяндамасына ылайык, мамлекеттеги инфляция – 5,6%. ЕАЭБге кирген башка мамлекетттердин сегиз айдагы ИДӨ көрсөткүчү: Беларус – 1,3%, Казакстан – 3%, Орусия – 4,3%, Армения – 5,7. Жыл башынан бери Кыргызстандын сырткы товар жүгүртүүсү 21,7% төмөндөп, үч миллиард 83 миллион долларды түздү. Импорт 30,9% (1,9 миллиард доллар) ылдыйлап, экспорт 1,7% (1,1 миллиард доллар) өстү. Экспортто алтын 34,2% жогорулаган.